Жергиликтүү эки банк ЕӨРБдүн энергияны үнөмдөө долбоору боюнча шерик болушту

  26.04.13   07:57
 269

Кечээ, 25-апрелде, Европа реконструкция жана өнүгүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын KICB жана "Демир" банктары менен туруктуу энергияны каржылоо программасынын (KyrSEFF) алкагында насыя линиясын ачуу тууралуу келишимге кол койду.

Бул тууралуу тааныштыруу иш-чарасында айтылгандай, ЕРӨБ Кыргызстандын турак үйлөрүндөгү жана жеке ишканаларындагы энергияны үнөмдөөнү жакшыртыш үчүн 20 миллион доллар бөлөт. Турак үйлөрдүн ээлери, энергияны үнөмдөө жаатында тейлөө көрсөткөн компаниялар, уюмдар, үй куруучулар насыя ала алышат.

ЕРӨБдүн энергия натыйжалуулугу маселеси боюнча жетектөөчү менеджери Александр Хаджииванов белгилегендей, насыянын көлөмү аны алуучунун жана инвестициянын түрүнө жараша бир нече жүз доллардан миллион долларга чейин берилет. Калк үчүн анын көлөмү насыянын суммасынын 20-35 пайызын түзсө, коммерциялык уюмдар үчүн 10-20 пайызды түзмөкчү. Ушул максатта Европалык Биримдиктин Борбор Азиядагы инвестициялык фонду (IFCA) 6,8 млн евро караган. "Бул керектүү учурда келген уникалдуу продукт. Ал калктын кеңири катмарын өздөрүнүн турак жайын жакшыртуусуна шарт түзөт",- деп белгиледи Хаджииванов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223230

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.