"Бир айыл-бир продукт" долбоору Японияга продукциясын экспорттоого ниеттенүүдө

  26.04.13   08:03
 371

Кечээ, 25-апрелде, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы Япониянын элчиси Коикэ Такаюки менен жолугушуп эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүн талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат саясат бөлүмү кабарлайт.

Жолугушуу маалында элчи президент Алмазбек Атамбаевдин Японияга жасаган расмий иш сапарынын кийин "кыргыз-япон мамилелери дагы чоң динамикага ээ болгонун" баса белгиледи.

"Биз келечектүү "Бир айыл-бир продукт" долбоору кеңири жайылышына кызыкдарбыз",- дейт Сатыбалдиев.

Такаюки бул долбоордон улам Японияга продукция экспорттоо пландалып жатканын айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223232

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.