Депутат: Батукаевге Грозныйга билет алгандан кийин гана паспорт алып келишкен

Батукаев менен бирге анын карындашы Яха, тууганы Зилимхан Заурбеков жана Түркиянын жараны Махмуд аттуу адам кошо учкан
  26.04.13   08:12
 322

"Батукаевдин паспортун ага коно турган талон беришкенден кийин алып келип беришкен",- деп билдирди кечээ, 25-апрелде, журналисттерге кылмыштагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу жана өлкөдөн чыгарылышы боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев.

Анын айтымында, Батукаевдин жана анын коштоочулардын учакка алынчу билетин 9-апрелде саат 20.00дө катташкан.

"Ал эми бул каттамды тейлеген аэропорттун кызматкерлери паспорттун өзүн 22.00дө алып келишкенин айтат. Башкача айтканда, билетти паспорту жок эле беришкен. Учак аэропорттон саат 23.30дар чамасында учкан. Аба майданынын жумушчулары план боюнча учак 20.00дө учушу керек экенин, бирок кармалып турушканын айтышат ", - дейт Сапарбаев.

Ал ошондой эле Батукаев менен бирге анын карындашы Яха, тууганы Зилимхан Заурбеков жана Түркиянын жараны делген Махмуд деген адам кошо учканын белгиледи.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Парламенттин жыйынында Мамлекетти каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев Батукаевдин паспорту камакта жаткандарды документтештирүү буйругунун негизинде жасалганын билдирген. Бирок өз кезегинде "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Таалайбек Жумадылов кылмышкердин чет өлкө паспортун мыйзамдуу түрдө персонификациялоо фактысын четке каккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223233

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.