Батукаевдин учуп кетиши үчүн VIP-залдын тейлөөсүнө 20 миң сом төлөнгөн

  26.04.13   08:14
 287

"Батукаевдин учуп кетиши үчүн "Манас" аэропортунун VIP-залына 20 миң сом төлөнгөн",-деп билдирди кечээ, 25-апрелде журналисттерге кылмыштагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу жана өлкөдөн чыгарылышы боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев.

Анын айтымында, криминалдык авторитет Грозныйга учкан учакты АPR компаниясы тейлеген.

"Компания эл аралык "Манас" аэропортунун VIP-залына 20 миң сом төлөгөн. Ал аркылуу Батукаев учактын бортуна өткөн",- дейт Сапарбаев.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223234

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.