Өкмөт башчысын Азербайжанга расмий иш сапар менен чакырышты

  26.04.13   08:15
 269

Кечээ, 25-апрелде, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту жана тараптар эки жактуу кызматташтыктын өнүгүшү тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат саясат бөлүмү кабарлайт.

Сатыбалдиев элчини бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, ал эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык байланыштары чыңдаш үчүн колунан келген күч-аракетин жасарына ишенерин айтты.

Тараптар ошондой эле быйыл өткөрүлө турган кыргыз-азербайжан ишкер форуму, Стамбул - Баку – Бишкек аба каттамынын ачылышы тууралуу дагы пикир алышты.

Сүйлөшүү маалында элчи Азербайжанда мамлекеттик деңгээлде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине карата даярдык иштери жүрүп жатканын белгилеп өттү.

Ошондой эле Оруджев Сатыбалдиевди өзүнө ыңгайлуу болгон кайсы учурда болбосун Азербайжанга расмий иш сапары менен барууга чакырды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223235

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.