Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу май айында башталат

  26.04.13   08:17
 390

Кечээ, 25-апрелде, президенти Алмазбек Атамбаев "РусГидро" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды.Бул тууралуу президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Жолугушууда Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапарынын жүрүшүндө, 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу жана пайдаланууга берилиши жөнүндө макулдашуунун жүзөгө ашырылышынын жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушун өз учурунда баштоонун маанисин баса белгиледи.

Долбоор жакшы ыргак менен ишке ашырыла баштагандыгын белгилеп, Евгений Дод Алмазбек Атамбаевге россиялык компания быйылкы жылдын май айында Жогорку-Нарын каскадынын төрт ГЭСинин биринчисинин курулушун баштай тургандыгы тууралуу маалымдады.

"Сиздин тапшырмаңызга жана биздин жетекчиликтин тапшырмасына ылайык биз май айында биринчи бетонду төшөө боюнча курулуш иштерин жана бардык подрядчиктерибиздин курулуш аянтына чыгууга даяр экендигибизди айткым келет. Жумуштун жүрүшү жаман эмес", - деп айтты Евгений Дод.

Ал Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу жана пайдаланууга берүү маселелери кече жакында Москва шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда да талкуулангандыгын кошумчалады.

"Өкмөттөр аралык комиссия Москвада өттү жана жолугушуунун жүрүшүндө каржылоо боюнча тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынганын билесиз. Ошондуктан мен бул долбоор майнаптуу жүзөгө ашырылышына эч тоскоолдук болбойт деп ойлойм", - деп сөзүн жыйынтыктады "РусГидро" Башкармасынын төрагасы.

Гидроэлектростанция Жогорку-Нарын каскадынын төрт ГЭСинин биринчиси болуп калмакчы. Долбоордун алкагында Нарын дарыясында ошондой эле Нарын ГЭС-1, Нарын ГЭС-2 жана Нарын ГЭС-3 курулат. Каскаддын жалпы болжолдонгон кубаттуулугу 191 МВтты түзөт, жылына орточо эсеп менен 1 055 млн. кВт∙с. электр энергиясын иштеп чыгат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223236

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.