Өкмөттүк эмес уюмдар менен мамлекеттик мекемелер алака түзүүдө

  26.04.13   08:18
 470

Кечээ, 25-апрелде, Талас шаарынын Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде мамлекеттик мекемелер менен өкмөттүк эмес уюмдар ортосундагы алаканы бекемдөө максатында жыйын болду. Таластагы кабарчыбыз берген маалыматка таянсак, аталган иш -чара "Биргелешип башкаруу программасынын" өкүлдөрү, Америка кошмо штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин колдоосунда өттү. Ал жерде кээ бир мамлекеттик эмес уюмдардын катачылыктары айтылып маселени чечүү жолдору каралды.

Жыйындын катышуучусу, Талас райондук акиминин орун басары А. Жаркынбаева: "Кээ бир маселелерди чечүүдө донорлорго кайрылган учурда мамлекеттик уюмга грант бербегени, өкмөттүк эмес уюмдарга ишеним көбүрөөк болгону кападар кылат", -деп белгиледи.

"Бул программа үч компонентти камтыйт, алар-Социалдык сатып алууларды колдоого көмөк көрсөтүү, мамлекеттик эмес уюдардын потенциалын жогоруулатуу, жарандардын кызыкчылыгын алдыга жылдыруу", - дейт "Биргелешип башкаруу программасынын" менеджери Нургул Алыбаева.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223237

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.