"Баткен антитеррор - 2013" деген машыгуу болуп өттү

  26.04.13   08:19
 338

Баткен областынын Баткен шаарында 24-25 апрелде Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен "Баткен антитеррор 2013" деген командалык штабдык машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Бул көнүгүүнүн максаты – террористтер же куралдуу күчтөр Кыргызстанга кол салган учурда мамлекеттик күч органдарынын реакциясын имитация кылуу, ошондой эле бардык күч органдарынын аракеттерин координациялоо механизмин иштеп чыгуу болду. Иш-чарага Улуттук коопсуздук кызматынын, Улуттук чек ара кызматынын, Баткен областынын жергиликтүү бийликтеринин, Тышкы иштер министрлиги, Коргоо, Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.

ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос: "Мамлекетте улуттук жана областтык деңгээлдерде коопсуздукту камсыз кылчу күч органдарынын потенциалын күчөтүү, алардын өз-ара байланышын жана координациясын бекемдөө ишинде бул машыгуу абдан зор мааниге ээ. Өзгөчө, келе жаткан 2014-жылы Афганистандан Эл аралык коопсуздук күчтөрү чыгарылары жакындаган кезде, бул иш-чаранын мааниси зор", - деп белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223238

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.