Аскер шаарчасынын жашоочуларына ысык суу берилип баштайт

  26.04.13   09:10
 313

"Бишкектин түштүк-батыш тарабына көмүр менен иштөөчү казан мештер курулуп атат". Бул тууралуу "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын жетекчи орун басары Виктория Мозгачева билдирди.

Бул конуштун тургундарына газ менен иштеген казан меш аркылуу ысык суу берилип келген. Кызмат "Кыргызгаз" ААКка болгон карызынан улам кызмат көрсөтүү үзгүлтүккө учурап келген.

Шаардагы бардык 11 казан мештин газга болгон карызы жүз миллион сомдон ашат. Алардын 10у жакында Жалда болгон митингден кийин кайта иштеп баштаган. Аскер шаарчасынын тургундары да дээрлик бир айдан бери ысык суусу жок күн кечирип келишет. Ысык суу жаңы казан меш ишке кирери менен берилип баштайт.

"Казан мешти бир канча жума ичинде куруп бүтөлү деп пландап атабыз. 13-майдан баштап бир айга чейин шаар боюнча ысык суу болбойт. Бирок Аскер шаарчасында ысык суу болот",- деп Мозгачева ишендирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223241

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.