Өкмөт башчы Баткен областына жумушчу сапар менен барат

  26.04.13   09:31
 270

Бүгүн, 26-апрелде, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бир күндүк жумушчу сапар менен Баткен областына барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.

Баткен шаарында Сатыбалдиев Баткен областын өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча "Баткен-2013" деген аталыштагы I- эл аралык форумга катышат.

Форум аяктагандан соң өкмөт башчы Сох анклавында жайгашкан чегара айылдарында болот. Бул жерден Жанторо Сатыбалдиев ал өзү буга чейин берген тапшырмаларынын аткарылышын жеке өзү текшерип чыгууга ниеттенүүдө. "Айгүлташ - Согмент - Чарбак-Таян" унааа жолунун, фельдшердик-акушердик пункттун, чегара бекетинин, Чарбак, Таян айылдарындагы суу түйүндөрүнүн, Сох анклавынын периметринде инженердик тосмо жабдууларынын курулушунун жүрүшүн өзү көзөмөлдөп чыкмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223244

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.