Азиз Батукаевдин чыгып кетишин орусиянын атайын кызматы уюштурушу мүмкүн

  26.04.13   09:55
 410

Криманалдык авторитет Азиз Батукаевди чыгарып кетүүнү Кыргызстандын бийлигин шантаж кылуу үчүн орусиянын атайын кызматтары уюштурган. Мындай пикирин 25-апрелде экономика илимдеринин кандидаты, аналитик Калнур Ормушев билдирди.

Ал ЖМКда жана аткаминерлер арасында Батукаев Кыргызстандан кантип чыгып кеткендиги тууралуу түрдүү божомолдор айтылып атканын эске салды.

"Москванын колундагы Батукаев башкаруучу коалициядагы кайсыл жетекчи аны Кыргызстандан чыгып кетүүгө жардам бергенин айта алат. Ал учурдагы мамлекет жетекчилигине басым кылуу үчүн эң ыңгайлуу курал. Президент Алмазбек Атамбаевдин кийинки аракеттери орусия саясатынын нугуна түшүшү мүмкүн",- деп эсептейт Ормушев.

Анын айтымында, азыр Батукаевди бошотуу аракетин ким ойлоп тапканы маанилүү эмес. Ал азыр орусиянын атайын кызматы үчүн убакытты өткөрүп жибербей, Батукаевди Кыргызстандын президенти менен мындан аркы байланыштарында колдонуу маанилүү,- дейт.

"Батукаевдин бошотулушу президентти өкмөттү толук кетирүүгө аргасыз кылбаса да, бир катар министрлерди жумуштан алууга түртөт. Депутаттык комиссия биринчи күнү эле Батукаев учкан учак Шамил Атахановдун баласына тийиштиги бардыгын айтып чыкты. Бул болсо Атахановдун убактылуу отставкага кетүүсүн шарттады",- дейт Ормушев.

Ал ошондой эле учурда жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчиси Зарылбек Рысалиев менен Башкы прокурор Аида Салянова кызматынан "ыргышы" мүмкүндүгүн айтты.

Ормушев криминалдык авторитеттин Грозныйга учуп кетиши Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга келишине дал келүүсү кокустук эместигин билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223245

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.