Бишкекте Жеңиш күнүн жүрүш жана концерттер менен тосушат

  26.04.13   09:53
 362

КРдеги РФтин жана Роскызматташуунун колдоосу менен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 68 жылдыгынын алкагында Бишкекте бир катар майрамдык иш чаралар өткөрүлөт.

Ысык-Көлдүн жээгинде, 6нан 11-майга чейин парус спорту боюнча ШККУга кирүүчү мамлекеттердин арасында КРдеги парус спорту боюнча федерациясы уюштурган Жеңиш Кубогу өткөрүлөт.

9-майда, саат 10до согуш учурундагы костюмдарды кийип, Жаштар демилгелүү тобу жүрүш уюштурат. Андан соң Эмен сейил багында концерт болуп өтөт.

Ошол эле күнү саат 14.00дө Түштүк дарбазасындагы Жеңиш сейил багында майрамдык концерт өтөт. Улуттук гвардия, Чек ара кызматы, Суворов окуу жайларынын окуучулары концертке катышышат.

Саат 16.00дө, Опера жана балет театрында майрамдык күнгө арналган "Доктор Акрамовдун кечелери" циклиндеги концерт башталат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223246

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.