"Эми сенин кезегиң!" аккциясына жаштарды чакырышат

  26.04.13   10:07
 346

26нан 28-апрелге чейин Келечек лидерлерди алмаштыруу программасынын(FLEX, Future Leaders Exchange) бүтүрүүчүлөрү, жаштарды коомдук ишке тартууну колдоо акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу КРдеги АКШ элчилигинин басмасөз кызматы билдирди.

Белгиленгидей, "Эми сенин кезегиң!" аталыштагы акциянын алкагындагы иш чаралар республиканын Бишкек, Кант, Талас, Кербен, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Каракол жана Балыкчи шаарларында өткөрүлөт. Бул акцияга болжол менен 15 жаштан жогору 2.5 миң окуучулар жана студенттер катышышат. Алар территориянын тазалашып, отургучтарды сырдашып, гүл отургузушат.Акциянын негизги максаты - экологиянын канчалык деңгээлде биз үчүн маанилүү экенин айтып берүү жана айлана чөйрөгө камкордук көрүүгө үндөө.

Ошондой эле, бул иш чарага КРдеги АКШнин элчиси Памела Спратлен да катышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223248

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.