Бишкекте жана Чүй облусун айрым жерлеринде жарык жок болот

  26.04.13   10:22
 296

Бүгүн, 26-апрелде, саат 9дан 17.00гө чейин Бишкектин бир бөлүгүндө жана Чүй облусунун айрым айылдарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектро" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлүп жаткан оңдоолор учурунда Аламүдүн району, Лебединовка айылынын бир бөлүгүндө жана "Кырман" жаңы конушунда жарык жок болот.

Жайыл районунда электр энергиясын өчүрүү Кара-Балта шаарынын айрым жерлеринде гана болот.

Бишкекте Парковый, Салиев, Репин, Хоперский, Курчатов, Коперников көчөлөрүндө, "Аска-Таш" жаңы конушунда электр энергиясын камсыздоосу токтотулат.

Белгиленгендей, "Түндүкэлектронун" структуралык бөлүмдөрү "Главный" подстанциясынан ЛЭП 10 кВ, Аламүдүн районундагы "ДСК" подстанциясынан 6 кВ электр өткөрүү аба жолдорунда; "Калинин" подстанциясынан ЛЭП 10 кВ ни бойлой өткөн бактарды кыюу, Жайыл районундагы №22 трансформатордук подстанциянын техникалык тейлөөсүн өткөрүү; Бишкектеги "Ново-Западный" подстанциясынан 6 кВ аба жолдорундагы №344,199, 189 трансформатордук подстанцияларды капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери жүргүзүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223249

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.