Лебединовкадагы жол кырсыгында айдоочу каза болду

  26.04.13   10:32
 258

Кечээ, 25-апрелде, Лебединовка айылындагы болгон жол кырсыгында киши каза болду. Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн, 26-апрелде, укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Милициянын айтымында, "Фольксваген" унаасындагы мас айдоочу 130 км/саат ылдамдыкта келатып, "Ауди"ни сүзгөн. Натыйжасында "Ауди" маркасындагы унаанын айдоочусу ошол жерден мерт кетип, жанындагы үчөө жаракат алышкан.

Мас айдоочу бир эки жерин тытып алганы эле болбосо, ден соолугуна эч кандай зыян келген жок. "Ауди"нин эки жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди.

Жогорудагы факт боюнча кылмыш или козголуп, жол кырсыктын күнөөкөрү Бишкек ШИИБсинин убактылуу камагына отургузулган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223250

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.