Бишкек - Ош жолунун бир бөлүгүн бизнесмендерге жасоону сунушташат

  26.04.13   10:58
 315

"Кыргызстанда мамлекет жеке ишкер шериктешиктин негизинде социалдык долбоорлорду ишке ашыруу зарыл", - деп бүгүн, 26-апрелде, КСДП парламенттик фракциянын жыйынында экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, мындай проектини иштеп чыгуу социалдык долбоорлордун ишке ашуусун тездетүү үчүн зарыл. "Бизде мамлекет жеке ишкер шериктештигинин негизинде иштей турган 15 долбоорду пландап жатабыз. Негизгиси - бул Бишкек - Ош жолун кыскарта турган жолду салуу. 130-150 чакырым жолду оңдоо сунушталып жатат. Бул долбоорго 80-90 млн доллар керектелет, курулуш иши 4-5 жыл жүрүп, жол өзүн 10-12 жылда актайт. Андан тышкары, медициналык мекемелерди компьютердик томография түшүрүүчү жабдуунун сатып алуу дагы планда бар. Аппараттын баасы 700-800 миң доллар, эгер бейтаптар кызмат акы төлөй турган болсо, ал өзүн 3-4 жылда актайт. Ошону менен биз өкмөт сунуштай албай турган кызматтарды киргизип, ишке ашыра алабыз", - деди чиновник.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223251

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.