Борбор калаадагы жаңы конуштун тургуну 3 жаштагы кызын кескилеп салган

Кечээ, 25-апрелде №3 шаардык балдар ооруканасына бир нече жолу бычак сайылган 3 жаштагы кыз келип түшкөн.
  26.04.13   11:15
 791

3 жаштагы кызын өз атасы бычак менен кескилеп салган. Ал ошол күнү Казакстандан келген жана мас болгон. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

"Кыздын үй-бүлөсү "Мурас-Ордо" жаңы конушунда жашашат. Үй-бүлөдө болгон чатак учурунда ал эки баласын жана аялын эшикке кууп чыккан. Ал эми 3 жаштагы кызы үйдө калган. Кыздын катуу ыйлаганын уккан кошуналары үйгө кирип, коркунучтуу окуяга туш болушкан. Кыздын денеси канга чыланып калган. Кошуналары кичинекей кызды ооруканага жеткирген",-деп белгилешти ШШИБден.

Андан сырткары 3 жаштагы кыз зордукталышы да мүмкүн. Учурду тийиштүү экспертиза жүргүзүлүп атат. Дарыгерлердин айтымында, кыздын абалы учурда оор.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223252

 Комментарийлер:
#1  
2013-04-27 03:24:49 Цитата / 0 / -

Kuday jazasyn bersin oshol aybandyn

#2  
2013-05-05 12:23:21 Цитата / 0 / -

мал турбайбы

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.