Ысык-Ата районунда катталган жол кырсыгынан 3 адам каза болду

  26.04.13   11:35
 327

Ысык-Ата районунда катталган ири жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери "ВБ"га билдирди.

Куткаруучулардын маалыматына ылайык, кечээ, 25-апрелде болжол менен саат 18-00лөр чамасында Бишкек – Торугарт жолунун 46-чакырымында "Мерседес-Бенц-200" менен "Хонда Степвагон" машиналары кагышкан. Анын кесепетинен 3 киши каза болуп, 6 жүргүнчү жаракат алган. Алар аймактык ооруканага жеткирилген.

Токмок шаарынын куткаруучулары, атайын техниканын жардамы менен машинаны ачып, ичинде калган эки жүргүнчүгө биринчи медициналык жардам көрсөткөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223253

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.