Казак Республикасынын жогорку окуу жайларынан 30 окутуучу келди

"Кыргызстандагы педогогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасы" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
  26.04.13   11:40
 352

2013-жылдын 25-апрелинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педогогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту (ПКМДИ) тарабынан уюштурулган "Кыргызстандагы педогогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасы" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын билим берүү жана агартуу тармагында эмгектенген мугалимдер, окутуучулар, илимпоздор чакырылышкан. Казак Республикасынын жогорку окуу жайлары менен мектептеринен 30 адамдан турган өкүлдөр келип катышышты.

Кыргыз Республикасындагы педогогикалык кадрларды максаттуу даярдоодогу актуалдуу, өтө зарыл ошондой эле кечиктирилгис проблемаларды иш жүзүнө ашырууга болгон багыттарды аныктоо. Бүгүнкү күндө Педогогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту практикалап жаткан окутуунун социалдык ыкмалары жөнүндө ой бөлүшүү жана анын чечүү жолдорун тактоо бул күнкү конференциянын башкы максаты болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223255

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.