Арнамысчылар Транспорт министрлигинин отчетун министрсиз талкуулабайбыз дешти

  26.04.13   11:37
 315

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаттары бүгүнкү, 26-апрелдеги, жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2012-жылдагы ишмердиги жана тарнспорт комплексинин өнүгүү стратегиясы боюнча отчетун караган жок. Себеби, депутаттар отчетту министр Калыкбек Султановдун өзүнөн уккулары келди.

Депутат Абдырахман Маматалиев фракциянын жыйынына министрликтин жетекчиси чакырылганын айтты. Бирок анын ордуна статс-катчы Максат Дыйканов келген. "Статс-катчы авиацияны тейлейт. Министрдин орун басары байланышты тескейт. Биздин болсо министрликтин бардык иштери боюнча суроолорубуз бар. Отчетто болгону авиация тууралуу гана маалыматтар бар. Транспорт боюнча абал башка. Андыктан маселени кийинкиге жылдыралы",- деди ал.

Маматалиевдин сунушун фракция депутаттары колдоого алды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223257

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.