Депутаттарга бюллетендерден улам келтирилген чыгымдар тууралуу айтышты

  26.04.13   11:56
 239

Бүгүн, 26-апрелде, "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында "КРдеги шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулап жаткан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков 2010-жылы парламент депутаттарын шайлоо маалында тизмеге кирген шайлоочулардын саны 3 млн 36 миң болгонун билдирди.

Анын айтымында, бул шайлоодо бир жарым миллиондон ашык адам добуш берген. Шайлоого 1 млн 356 миң адам катышкан эмес. Колдонулбай калган бюллетендерге 7 млн сом чыгымдалган. 2011-жылы өткөн президенттик шайлоодо тизмеге киргендердин саны 3 млн 32 миң 666 миң адамды түзгөн. Шайлоого 1 млн 176 миң адам катышкан эмес. Колдонулбай калган бюллетендерге 6 млн 397 миң сом коротулган.

"Башкача айтканда 1,2 миллиондой шайлоочу шайлоого катышпайт. Алардын 80 миңден ашыгы өлкөдөн тышкары жашайт. Такталбаган маалыматтарга таянсак, 300 миң адам башка өлкөнүн жарандыгын алып, бирок кыргыз паспортун сактап калышкан",- дейт Кадырбеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223260

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.