Кырызстанды 9 шайлоо аймагына бөлүү сунушталууда

  26.04.13   12:10
 327

"Ата Мекен" фракциясынын бүгүнкү, 26-апрелдеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндөгү" конституциялык мыйзамынын долбоору талкууланды. Анда БШКнын мүчөсү Ишенбей Кадырбеков сунушталып аткан долбоордо Кыргызстанды 9 шайлоо аймагына бөлүү каралганын белгиледи. Алардын аймагы административдик-аймактык бирдикке туура келет жана ар бир партиядан талапкерлердин аймактык тизмесин сунушталат.

"Бул талапкерлер ар бир шайлоо аймагында белгиленген мандаттан 20%дан көп болбошу керек. Алар жалпы мамлекеттик тизме боюнча түзүлөт. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, шайлоочу аймактагы партияга добуш берип калат. Депутаттык мандаттар 7%дан кем албаган партиялар ортосунда бөлүштүрүлөт",- деди Кадырбеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223261

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.