"Ар-Намыс" фракциясы акыйкатчынын жылдык отчетун кароону кийинкиге жылдырды

  26.04.13   12:11
 268

Бүгүн, 26-апрелде, парламенттин "Ар-Намыс" фракциясынын депутаттары 2012-жыл үчүн акыйкатчынын аппаратынын баяндамасын кароону Турсунбек Акундун өзү жок болгондугуна байланыштуу кийинкиге жылдырышты.

Баяндамачы катары "Ар-Намыстын" олтурумуна акыйкатчынын аппаратынын кызматчы айымы келген, парламентчилер аны кабыл алышкан жок.

Депутат Абдырахман Маматалиев баяндаманы кароону кийинкиге жылдырууну азыркы учурда кылмыштагы ууру Азиза Батукаевдин бошотулушун жана өлкөдөн чыгарылышын иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын иши менен дагы байланыштырды.

Фракция башчысы Феликс Кулов башкы укук коргоочу бүгүн Чүй областына мониторинг үчүн сапарга чыкканына байланыштуу жыйынга келе албасын айтып кат жөнөткөнүн белгиледи.

Акыры депутаттар баяндаманы угууну кийинкиге калтырышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223262

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.