Ошко 30 жаңы троллейбус берилет

  26.04.13   12:19
 308

Быйыл Ошко 30 жаңы троллейбус келет. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын директору Таалай Туркбаев билдирди.

Анын айтымында, муниципалдык ишкана Европа реконструкция жана өнүгүү банкы менен биргеликте 30 троллейбус алууну пландап атат. Ал ошондой эле ишкана күн сайын 50 троллейбусту каттамга чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

2012-жылы Ош мэриясы Орусиянын Саратов облусунда жасалган жаңы 2 троллейбус алган. Жаңы троллейбустардын баасы 13 млн сомдон ашат.

"Жакын арада Мамыров жана Осмонов көчөлөрүнөн Айтиев көчөсүнө чейин жаңы троллейбустук линия тартуу пландалууда. Бирок аны куруу мөөнөтү тактала элек. Жаңы линияга №3 каттам чыгарылат",- деп билдирет басмасөз кызматы.

Бүгүнкү күнү Ошто 15 троллейбус болсо, анын төртөө 2001-жылы чыккан. Андан сырткары 70 автобус бар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223263

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.