Россиянын компаниясы түштүктө авиахаб курууга кызыкдар экенин билдирди

"Новапорт" ЖЧКсы активдүү кызыкчылыгын көрсөтүп жатат
  26.04.13   13:16
 262

Бүгүнкү күндө Россиянын "Новапорт" жоопкерчилги чектелген коому (ЖЧК) Ош шаарында авиахаба курууга активдүү кызыкчылыгын көрсөтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде инвестицияны өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык боюнча вице-президент Даир Токобаев билдирди.

Ал хаб куруу боюнча долбоордун алкагында үч багыт каралып жатканын, анын биринчиси түштүк борбордогу аэропортту реконструкциялоо, учуучу-конуучу жолду ремонттоо, ошондой эле баардык кошумча инфраструктуралардын курулушу караларын тактады. Жалпысынан реконструкцияга 120 миллион доллардай каражат керектелет.

Маалыматына караганда "Ош" аэропортун өнүктүрүүнү инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрү соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык 15-жыйында сунушталган. Россия тарап менен бир катар келишимдердин жыйынтыгында "Новапорт" ЖЧКсы "Ош" аэропортун реконструкциялоого өзүнүн көмөгүн көрсөтүүсү керек деген чечим кабыл алынган.

Эскерте кетсек, "Новапорт"- аэропорттор түйүндөрүн өнүктүрүүнүн комплекстик программаларын ишке ашырууга адистешкен, авиа транспорт тармагындагы ийгиликтүү компаниялардын бири.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223264

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.