"Кыргызтелекомду" 10 миллион доллар зыян келтирген деп айыптап жатышат

  26.04.13   13:20
 248

"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомун (ААК) мамлекетке 10 млн доллар суммасында чыгым келтирген деп айыпташты. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде "Прецедент" шериктеш тобунун директору Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, "Кыргызтелеком" 2006-жылдан 2012-жылга чейин Кытай өнүгүү банкынан жалпы суммасы 40 млн 719 миң долларлык 8 насыя алган. Мындай учурда эреже катары компания зарыл болгон техниканы сатып алууда тендер жарыялашы керек, бирок банк менен ишкананын ортосундагы келишимде жалгыз бир жеткирүүчү катары Кытайдын Huawei Technologies жеке менчик компаниясы болуп саналары так көрсөтүлгөн.

Дал ушул пункт Токтакуновду келишимди каржылык махинация деп эсептөөгө түрткөн.

"Алдын ала эсептөөлөргө караганда мамлекетке келтирилген чыгым 8-10 млн доллар. "Прецедент" шериктеш тобу башкы прокурор Аида Саляновага 40 млн долларга кандай жабдуу сатылып алынганын тактоо талабын коет ",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223266

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.