БУУнун атайын өкүлү балдардын сексуалдык эксплуатациясы тууралуу айтты

  26.04.13   13:43
 283

Кыргызстандагы сексуалдык эксплуатацияга кабылган балдардын так санын жана жалпы эле бул көрүнүштүн масштабын аныктоо, анын жашыруун болгондугуна байланыштуу абдан татаал. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде, маалымат жыйында БУУнун атайын өкүлү Нажат Маалла М′жид маалымдады.

Анын айтымында ал Кыргызстанда 12 күн болгон. Ушул кыска мөөнөттө, ал ар башка региондордо болуп, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен кезигип сүйлөштү. Ошондой эле, атайын өкүл окуу жайларга барып, зордук-зомбулукка кабылган балдар менен жолукту. Иш сапарынын соңунда Нажат Маалла М′жид, сунуш-кеңеши менен мамлекеттин өкмөтүнө кайрылды.

"Жардылык, арактын көп ичилишине байланыштуу үй-бүлөдөгү жагымсыз жагдай жана үйдөгү зордук, эрте үй-бүлөө куруу, балдардын эмгеги, алакачуу – бул Кыргызстандагы балдардын корголбогонун күчөтүүчү факторлордун бир жагы эле. Балдардын жалпы акыбалын начарлаткан көрүнүш, бул мамлекет ичинен сыртка иш издеп кеткен ата-энелердин балдарынын кароосуз калтырылышы", - деди атайын өкүл.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223268

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.