Батукаевдин иши боюнча эксперттик топтун жыйынтыгы 5-майга чейин алынат

  26.04.13   15:03
 281

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия гематологдордун эксперттик тобунун жыйынтыгын 5-майга чейин алат. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев журналисттерге билдирди.

Бүгүн жабык эшик артында боло турган жыйында Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеванын маалыматы угулат.

"Кийинки жуманын аягына чейин эксперттик топтун корутундусу чыгып калат деп ойлоп атабыз. Алар Батукаевдин диагнозу тууралуу маселеге жооп таап берет",- деди ал.

Белгилей кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаев 9-апрелде Нарынданы №9 убактылуу тергөө абагынан кандын рак оорусуна чалдыккан деген диагноз менен бошотулган. Ошол эле күнү ал Кыргызстандан туугандары менен чартердик каттам аркылуу Грозныйга учуп кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223269

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.