Ислам университетинин студенттери жайкы практикада аймактарга барат

  26.04.13   15:15
 318

Быйылкы жылдын июнь айында Кыргыз Ислам Университетинин (КИУ) студенттери жайкы каникулдун бир айын өндүрүштүк практикада өткөрмөкчү. Бул чечим Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиевдин "Дин кызматкерин социалдаштыруу" программасынын алкагында КМДБ жана КИУнун ортосундагы келишим менен ишке ашат. Бул тууралуу КМДБнын басмасөз кызматы билдирди.

Студенттер практикага Нарын жана Ысык-Көл облустарынын казыларынын суранычтары менен жиберилмекчи. Студенттердин жайкы практикасынын материалдык чыгымдарын муфтият жана облустук казыяттар көтөрмөй болушту.

Практикага КИУнун 4-5-курстарынын 60дан ашык студент тартылат. 4-курстун студенттери Ысык-Көлгө, 5-курстар Нарынга жиберилмекчи. Мындан сырткары студент кыздар, Бишкек шаарынын кыздар медреселеринде жана Чүй облусу менен Бишкек шаарынын казыяттарынын аялдар бөлүмдөрүндө практикаларын өтөшөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223270

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.