Эртең Аламүдүн жана Чүй райондорунда электр жарыгы өчөт

  26.04.13   15:28
 253

Эртең, 27-апрелде саат 9-00дөн 17-00 гө чейин "Түндүк электр" ААКсы Аламүдүн районундагы "ДСК" көмөкчордонунан тараган 6 кВ аба электр зымдарындагы, Чүй районундагы "Токмок" көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр зымдарындагы оңдоо иштери жүрөт. Ошого байланыштуу Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын "Кырман" конушунда; Чүй районундагы Чүй айылынын батыш тарабында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Ал эми 29-апрелде саат 9-00дөн 17-00гө чейин Жайыл районуна караштуу Алексеевка айылынын (Панфилов, Суворов, Жуков көчөлөрүндө), Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндө (Западная, Спортивная, Морозов көчөлөрүндө) электр энергия өчөт.

29-30 апрелде саат 8-00дөн 17-00гө чейин Сокулук районундагы Маловодное, Кара-Сакал, Исмаил, Новое, Жыламыш, Белек айылдарында электр энергия өчүрүлөт. Жайыл районундагы №№ 430, 261, 124 трансформаторлорунан тараган 0,4 кВ аба электр зымдарынын тегерек четиндеги бак бутактарды кыйып тазаланат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223271

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.