УКМК: Араванда эки адам "Хизб-ут Тахрир" уюмунан чыкты

  26.04.13   16:02
 306
 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош облусуна караштуу Араван районунун эки тургуну "Хизб-ут Тахрир" уюмунан өз эрки менен чыкканын маалымдады. Алар бул тууралуу 24-апрелде райондук акимчиликтин, облустук казыяттын, дин иштери боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында билдирген.

"Хизб-ут Тахрир" уюмунан өз эрки менен чыккандар буга чейин Ноокат районунда жана Талас облусунда да болгон.

ИИМдин 10-башкармалыгынын жетекчиси Таалай Акбаев Кыргызстанда бардыгы болуп 1,5 миңден ашык адам диний экстремисттик-террористтик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турарын, анын дээрлик 90 пайызга жакынын "Хизб-ут Тахрирге" киргендер түзөрүн "Азаттыкка" маалымдаган.

Кыргызстанда сегиз диний уюм экстремисттик-террорчул деген кара тизмеге киргизилген, алардын ичинен эң кооптуусу деп "Хизб-ут Тахрир" уюму аталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223274

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.