Араванда диний кырдаал талкууланды

  26.04.13   16:10
 280
 

Кыргызстандын Араван районунда жергиликтүү бийлик жана дин кызматкерлеринин катышуусунда диний кырдаал талкууланды. Жергиликтүү бийликтер буга чейин бул аймактан Сирияга кетиши мүмкүн деп айтылган балдар туралуу маалымат такталган жок деп айтууда. Ошол эле учурда мечиттерден азгырылып, ал жакка чыгып кетиши мүмкүн деген жоромолдор да чындыкка жакын эмес деп айтылып жатат.

"Сирияга согушка кетиптир деп чуулдап жатат. Бирок аны иликтегенден кийин, ким уюштурганы, чоо-жайы так болгондон кийин биз элге маалымат беребиз. Согушуу максатында кетиптир деп айтканга азыр негиз жок-деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Оштогу өкүлү Курбанбай Узаков.-Биздеги диний кырдаал кооптуу. Эми аны Сирияны айтып, ар кай тарапка байланыштуруунун кереги жок. Биздеги диний кырдаалдын оордугу калктын диний түшүнүгү тайкылыганан тыюу салынган диний уюмдарга кирип кетип жатканын айтсак болот".

Бир апта мурун Кыргызстандын Кызыл-Кыя жана Араван аймагынан ондон ашуун адам Сирияга согушка кетиптир деген маалымат тарап, бул чоң талкуулардын чордонуна айланды. Буга чейин балдардын айрымдары Түркиянын аймагында деген маалыматтар болгон. Бирок коомчулукка ачык, так маалыматтар айтыла элек.

Араван районунун акими Шамил Артыков, ушул аймактан бир катар жаштар Сирияга чыгып кетиптир деген маалыматтын азыр аныктала электигин айтты. Буга чейин Сирияга кетти деп айтылып жаткан балдарды кимдер үгүттөгөнү, кимдин азгырыгы менен чыгып кетиши мүмкүндүгү туралуу расмий маалыматтар болгон эмес.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мечиттердеги иш-аракеттердин көзөмөлсүз калып жатканына көңүл бурган эле. Маметбек Мырзабаев аталган комиссиясынын өкүлү:

-Расмий түрдө алардын кантип кеткендиги туралуу маалыматыбыз жок. Бирок бейрасмий түрдө мечитке барган жерден балдарга согуш туралуу маалымат берип, ошол аркылуу тартып жатканын билебиз. Кээ бир агымдар ушул ыкманы колдонушат. Бул жердеги маселе ошол мечиттеги иш-аракеттердин, ким барып, ким келип жатканыдыгы көзөмөлгө алынбаганында болуп жатат. Биз Аравандын башкы имамы менен сүйлөшсөк ал мечиттен кеткендиги туралуу маалыматым жок деп атат. Ал эми кеткен балдардын ата-энелери, мечитке каттап калышкан эле деп атышат. Арасында мечитке кеткен боюнча келбегендери да бар экен.

Бирок дин кызматкерлери мечитке келгендер ар кандай радикалдуу уюмдардын үгүттөөсүн­ө кабылышы мүмкүндүгү туралуу маалыматтарды четке кагып жатышат. Султан ажы Гапиров, Ош облусунун казысы:

-Мечитке келип намаз окуган кишинин ар бири имамдын уруксаты, же жолдомосу менен чет өлкөгө чыгууга милдетүү эмес. Кишилер миграцияга, окууга, ар кандай сапарга кетиши мүмкүн. Бирок барыдыгы үчүн имам жоопкерчиликтүү эмес экенин баса белгилегим келет. Мечиттерде, айталы "Хизбут-Тахрирдин" мүчөсү эл катары намаз окуп кетиши мүмкүн. Бирок ишмердүүлүгүн, үгүттөөсүн, башка бир иш-аракеттерди жүргүзүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Облус аймагындагы мечиттерде бир да жерде мындай катталган эмес.

Серепчилер, Кыргызстандагы кооптондурган жагдай элдин арасында диний сабатсыздыктан улам айрымдары радикалдашып кеткен учурлары болоорун белгилеп келишет. Маселен, ашкере динчил болуп, балдарын мектепке жибербей койгон. Көп нереселерге тыюу салган жайгдайларды аташат.

"Мен "Хизбут-Тахрирдин" мүчөсү элем. Кийин бул уюумдун иш аракети мамлекеттик саясатка каршы экенин билгенден кийин бул уюмдун мүчөлүгүнөн баш тарттым. Жаштарга да ушундай азгырылбоого кеңеш берем" дейт жалпы мечитке келген жамаатын алдында бул уюмдан баш тартканын айтып чыккан киши.

Өлкөдөгү диний кырдаалга кооптуу деп баа берилип жаткан учурда өлкөдөн ондон ашуун бала Сирияга кетиши мүмкүн деп айтылган маалымат коомчулуктун бир топ тынчсыздануусун жаратты. Диний кырдаал боюнча талкуулар күчөп, диндин радикалдашуу коркунучу биринчиден, диний билимден көз каранды болуп жатканы, ошондуктан эң оболу диний билим берүүгө мамлекеттик колдоолор зарылдыгы да айтылып жатат.

Айбек Абдылдаев,

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Оштогу кабарчысы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223275

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.