Испанияда жумушсуздук рекорддук деңгээлге жетти

  26.04.13   16:12
 255
 

Европа өлкөлөрүндөгү жумушсуздук көрсөткүчтөрү өсүүдө. Испанияда белгилүү болгон соңку маалыматтарга караганда, жумушсуздук жаңы рекорддук деңгээлине жетти. Ага ылайык, бул өлкөдө алты миллиондон ашуун киши же ишке жарамдуу атуулдардын 27%ы жумушсуз калды.

Мындай абалды эксперттер алдын ала болжолдоп билгени менен, соңку көрсөткүчтөр акыркы беш жылдан бери Испания экономикалык кыйчалыш учурда келе жатканын дагы бир ирет ачык белгилейт.

Айрыкча, жаштардын арасындагы жумушсуздук маселеси жана өкмөттүн катаал экономикалык чаралары өлкөдө нааразы болгон адамдардын катарын калыңдатып келет. Бейшемби күнү кечинде Испаниянын баш калаасында коопсуздук чаралары күчөтүлмөкчү. Анткени, интернтеттеги социалдык тармактарда өкмөттүн 26-апрелде жарыялана турган экономикалык реформаларына карата Испан парламентинин алдына келип, жолдорун бөгөп алуу чакырыктары айтылып жатат.

Анткени менен Мадриддеги расмийлердин бюджеттик кыскартууларды бир аз жумшартуу ниети бар экени дагы байкалууда. Бул өлкөдө катаал экономикалык чаралар рецессияны ансайын күчөтөт деген пикирлер көбүрөөк айтыла баштады.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223276

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.