ДЕБРА "Залкар Банкты" орусиялык бизнес-холдинге сатуу ниетин тастыктады

  26.04.13   16:47
 349

"Залкар Банк" ААКтын 90% контролдук акциясы орусиялык "Инвестиционно-торговый бизнес-холдинг" ААКына сатылат. Калган 10% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна берилет. Бул тууралуу банктарды кайра түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттиктин (ДЕБРА) директор орун басары Зуура Баяманова "ВБ"га билдирди.

Ал буга чейин Улуттук банктын төрага орун басары Заир Чокоевдин айткандарын тастыктады.

Баяманованын айтымында, банктын акцияларын сатуу чечими 22-апрелде Москва шаарында өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынган.

Учурда орусиянын банкы "Залкар Банктын" акцияларына ээлик кылуу үчүн Улуттук банк тарабынан текшерүүдөн өтүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223278

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.