3 жаштагы кыздын сабалышы жана зордукталышы боюнча кылмыш иши козголду

  26.04.13   16:54
 874

Бишкектеги жаңы конуштардын биринде атасы тарабынан сабалып жана зордукталган 3 жаштагы кыздын окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-апрель күнү Биринчи Май РИИБине Улуттук госпиталга денесине бир канча жолу бычак сайылган кыз келип түшкөнү боюнча кабар келген.

РИИБдин кызматкерлери Улуттук госпиталга барганда кызды № балдардын клиникалык ооруканасына алып кетишкен. Милиция кызматкерлери 3 жаштагы кыздын бетинде бычактын бир канча изи бар экенин, кабыргасы сынып, башынан оор жаракат алгандыгын аныкташкан.

Окуя боюнча кыздын 32 жаштагы энеси арыз жазган. Ага ылайык, 24-апрелде анын күйөөсү Үсөн Сакатаев Алматы шаарынан келген. Аялдын айтымында күйөөсү достору менен түнкү саат 23-00гө чейин арак ичишкен. Андан соң ал аялын сабап, көчөгө кууп чыгып, үйдө калган 3 жаштагы кызын эси тангыча сабап, зордуктаган.

Биринчи Май райондук ИИБдин кызматкерлери 29 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну Үсөн Сакатаевди кармап, убактылуу кармоо жайына камашкан. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223279

 Комментарийлер:
#1 алай районунун тургуну
2014-05-05 09:21:23 Цитата / 0 / -

Андай атанын емне кереги бар кесип сурап отурбай елдин алдында атып салыш керек

#2 Узакбаева Суйун Нарын 1988
2014-11-01 23:00:10 Цитата / 0 / -

Азыркы учурда мындай окуялар коп болуп кетти бул ата эмес айбан мындайларды элдин астына чыгарып жанын козуно корсотуп кыйнап олтуруш керек

#3 зари
2016-09-07 17:20:34 Цитата / 0 / -

Акмак десе бычыш керек ага окшогон айбандарды.Мамлекет каттуу чара колдонсо болмок.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.