Жапония Баткен облусундагы мектептерге жана ооруканаларга колдоо көрсөттү

  29.04.13   08:00
 285

Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги Баткен облусуна караштуу Баткен жана Кадамжай райондорунун мектептерине, ошондой эле медициналык мекемелерине колдоо көрсөттү. 224 миң долларлык сертификатты 26-апрелде "Баткен-2013" Баткен облусун өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча биринчи Эл аралык форумдун жүрүшүндө жергиликтүү администрация өкүлдөрүнө тапшырышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Жапония 122 миң долларлык заманбап медициналык жабдык жана 100 миң долларлык мектептер үчүн окуу эмеректерин, табийгый илимдер боюнча көрсөтмө китептерин, кол эмгек кабинеттери үчүн жабдыктарды тартуу кылышты. Аталган иш чара "Чөптөрдүн тамыры жана адамдык коопсуздук" программасынын алкагында ишке ашты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223280

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.