Кара-Суу районунда айыл өкмөттөрүнүн биринде иштеген кызматкер пара талап кылган

  29.04.13   08:24
 306

Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан, пара алганга шектүү делип айыл өкмөтүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти.

Маалыматка таянсак, апрель айынын ортолорунда, Ош облусунун тургуну ИИМдин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда ал, талашка түшүп жаткан жер аймагы боюнча соттук чечим чыкканына карабастан, аталган жерге ээлик кылууга уруксат берүү үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкери акча талап кылганын айткан.

Жабырлануучу аталган райондон жер участогун алгандыгы, бирок ал жер кийинчерээк башка адамга берилгендиги белгилүү болду. Мындан кийин ал сотко кайрылган. Айыл өкмөтүнүн кызматкери маселени чечип берем деп сөз берип, жарандан 10 миң сом талап кылган.

Соттун чечими менен жер аймагы жабырлануучунун пайдасына чечилген. Ошого карабастан айыл өкмөтүнүн кызматкери андан пара талап кылганын токтоткон эмес.

Жакынкы күндөрү ИИМдин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Кара-Суу районунун тургуну, айыл өкмөтүндө юрист болуп иштеп жаткан жаранды 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашты.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223281

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.