Ысык-Көлдөгү Григорьев капчыгайында өрт чыкты

  29.04.13   08:26
 274

Ысык-Көлдөгү Григорьев капчыгайында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдирди.

Кырсык тууралуу билдирүү 27-апрелде, күндүзгү саат 11лерде келип түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүргүч кызматкерлери жана токой чарбанын өкүлдөрү келишкен. ӨКМнын кызматкерлери техникаларын калтырып, тоого жөө чыгууга туура келди. Алар өрттү кол каражаттары менен өчүрүүгө аргасыз болушту.

Маалыматка караганда, жалын 0,5 га аянттагы кургак чөптү жана 10го жакын теректи жок кылган. Кырсыкты саат 21де гана токтотушту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223284

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.