Кара-Суу районунда өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан унаадан айдоочусун алып чыгышты

  29.04.13   08:27
 289

Кара-Суу районунда өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан унаанын ичинен айдоочусун алып чыгышты. Бул тууралуу ИИМдин кызматкерлери билдиришти.

Маалымдашкандай, кырсык 28-апрелде саат эртең мененки 4тө болгон. Аба майданы районундагы жолдо унаа өрттөнгөн. Окуя болгон жерге өрт өчүргүчтөр келип, унаанын ичинен айдоочусун алып чыгууга үлгүрүштү.Жаран олуттуу күйүккө учурагандыктан, ооруканага жеткирилди.

Окуянын кандайча болгондугун милиция кызматкерлери иликтешмекчи. Тартип сакчылары кырсыкка күбө болгондорду табууга аракеттенишүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223286

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.