Ворух анклавында болгон чек ара чыр-чатагында милиция кызматкери жабыркаган

  29.04.13   08:33
 287

Баткен облусунда тажик Ворух анклавынын тегерегинде болгон чек ара чыр-чатак маалында милиция кызматкери жабыркаган. Бул тууралуу "ВБ"га күч структураларынан жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, 27-апрелде кеч кирген маалда Ворух анклавынын жакын аймагында, Самаркандек айылдык округунун Ак-Сай айылынын тургундары жана анклавдын жашоочулары бири бирине таш ыргыта баштаган. Бирок ортодо атайын даярдыктагы аскерлердин жана милициянын посту болгондуктан, алар бири бирине жакындашкан эмес.

Эки тараптык тирешүүдө милиция кызматкери жабыркаган. Башынан жаракат алган кызматкер ооруканага жаткырылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223287

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.