Премьер-министр Ворух анклавынын тегерегиндеги кырдаал боюнча жыйын өткөрөт

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 29-апрелде, тажик Ворух анклавынын тегерегиндеги кырдаал боюнча жыйын өткөрөт.
  29.04.13   08:32
 310

Бул тууралуу "ВБ"га өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Анын айтымында, жыйынга профилдүү ведомстволордун башчылары катышат.

Эске салсак, 27-апрелде Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосунда, Баткен облусундагы Ворух анклавынын тегерегине айланып өтүүчү жолду куруу боюнча пикир келишпестиктер болуп кеткен. Андан кийин кечке маал чыр-чатактын катышуучулары бири бирине таш ыргытышкан. Жыйынтыгында бир милиция кызматкери жабыркаган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223288

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.