Чүй ШИИБнын милициялары адам өлтүргөнгө шектүү делген жаранды кармашты

  29.04.13   08:38
 249

Чүй ШИИБнын милиция кызматкерлери адам өлтүргөнгө шектүү делген жаранды кармашты. Бул тууралуу ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-мартта Люксембург айылындагы Чоң Чүй каналынын жээгинен европа улутундагы, болжол менен 45-50 жаш чамалуу, зордолуп өлтүрүлгөн белгилери бар эркек адамдын жансыз денеси табылган. Ысык-Ата РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жакынкы күндөрү Чүй ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери, Ысык-Ата РИИБнын кызматкерлери менен биргеликте оор кылмышка шектүү делген жаранды кармашты. Ал 36 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыкты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223289

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.