Калининградда сүрөтчү Туман Жумабаевдин эмгектеринин көргөзмөсү ачылды

  29.04.13   08:40
 304

Калининградда сүрөтчү Туман Жумабаевдин "Жазгы маанай" аттуу эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Иш чара "Заря" кинотеатрынын көргөзмөлөр залында өттү. Жумабаевдин айтымында, калининграддыктар үчүн алгачкы таанытуу ишин гүлдөр коллекциясы менен баштады. Аталган эмгектери буга чейин бир канча көргөзмөлөрдө ийгиликке жетишкен.

Эске салсак, Туман Жумабаев 1962-жылы Кыргызстанда туулган. Ал Санкт-Петербургдагы сүрөтчүлөр академиясынын бүтүрүүчүсү, Санкт –Петербург сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү, АКШ портретчилер Ассоциациясынын азыркы мүчөсү.

Ошондой эле, Москва, Санкт-Петербург, Самара, Австрия, Вьетнам, Иран, Кытай, Францияда өткөн 20дан ашуун жеке көргөзмөлөрдүн автору.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223290

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.