Ататүрк паркынан беш бала бир кызды зордукташкан

  29.04.13   08:41
 303

Бишкек шаарындагы Ататүрк паркынан беш бала бир кызды дос баласынын көзүнчө зордукташкан. Бул тууралуу Октябрь РИИБнын кызматкерлери билдирди.

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтымында, эки жаш парктагы отургучта отурушкан. Алардын жанына бейтааныш балдар келип, экөөсү жаш жигитти күч колдонуп ары жакка алып кетишкен. Андан соң жигитти сабашкан. Ошол маалда калган 3 бала кызды досунун көзүнчө зордукташкан. Кылмышкерлер ишин бүтүргөндөн кийин жабыркагандардын телефондорун алып кетишкен.

Октябрь РИИБнын кызматкерлери 3 сутка аралыгында кылмышкерлерди тузакка илишти. Кармалгандардын көбү өспүрүм балдар болуп чыкты. Алардын баары Бишкекке алыскы айылдан келишкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223291

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.