Жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармашты

  29.04.13   08:42
 365

Чүй облустук ШИИБнын кызматкерлери жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармашты.

Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрүнүн айтымында, декабрь айынын акырында, Бишкек-Торугарт кан жолунда (Чүй районунун Сайлык айылында) жергиликтүү тургунду унаа сүзүп кеткен. 1945-жылы туулган жаран, алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми унаанын айдоочусу качып кеткен. Кырсык болгон жайда болгону унаанын сынган айнектери жана капталдагы күзгүсүнүн фрагменттери гана калган. Буга чейин кылмыш ишинин бети ачылбай келген.

Жол кырсыгы фактысы боюнча Чүй РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок, окуянын күбөлөрүн таба албагандыктан, ишти ачуу кыйынга турган. 3 ай өткөн соң изкубарларга ыкчам маалымат келип түшкөн. Анын жардамы менен унаанын үлгүсүн жана моделин таанууга мүмкүн болду.

Жети- Өгүз районунун 47 жаштагы жараны Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Сурактын жүрүшүндө, күнөөлүү жаран жөө жүргүнчүнү байкабай калганын, кырсыктан кийин коркуп качып кеткенин айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223292

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.