Премьер-министрдин басмасөз катчысы: Ворух анклавында абал тынч

  29.04.13   09:09
 283

28-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин басмасөз катчысы Мелис Эржигитов "ВБ"га Баткен облусунун Самаркандык айыл окургунун Ак-Сай айылындагы Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандарынын ортосунда массалык чыр- чатак келип чыкты деген маалымат чындыкка коошпай тургандыгын билдирди.

"Ал жакта жөн гана кайым айтышуу болуп кеткен. Учурда укук коргоо органдары көзөмөл жүргүзүп жатат", - деди басмасөз катчысы.

Анын айтымында, учурда анклавда жана анын тегерегинде абал тынч.

Эскерте кетсек, 27-апрелде Баткен облусундагы Ворух анклавындагы айланып өтмө унаа жолун курууга байланыштуу Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда кайым айтышуу келип чыккан.

Аларды тартип сакчылары ажыраткандан соң бири-бирин таш бараңга ала башташкан. Жыйынтыгына милиция кызматкери жабыркаган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223295

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.