Бишкекте биринчи жолу Кыргызстандын мырзасы тандалды

  29.04.13   09:29
 536

Кожомкул атындагы спорт ордосунда "Мистер Кыргызстан-2013" конкурсу өтүп, мыкты "мырза" болуу үчүн 33 бала ат салышты.

Конкурстун биринчи турунда катышуучулар классикалык костюм кийип чыгышып, өздөрү тууралуу айтып беришти. Катышуучулардын бардыгы толкундангандыктан микрофонго келгенде даярдап келген сөздөрүн унутуп калып атышты.

Экинчи турда мырзалар пляждык кийимдер менен чыгышты. Андан соң бий конкурсу орун алды. Эң кызыктуусу төртүнчү тур болду. Анда катышуучулар эстрада ырчыларын туурашты. Сахнага биринин артынан "атактуу" ырчылар чыгып баштады. Арасында Шакира, Жастин Бибер, Филипп Киркоров, Нюша, Леди Гага, Чарли Чаплин жана Адольф Гитлер да жүрдү.

Калыстардын чечими менен конкурстун жеңүүчүсү болуп Нурбек Сопоев табылды. Ал "Мистер Кыргызстан-2013" конкурсунун дипломун жана баш байге – Түркияга жолдомону утуп алды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223296

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.