Кыргызстанда уурулук фактысы боюнча Пакистандын жараны кармалды

  29.04.13   09:58
 299

Кыргызстанда уурулук фактысы боюнча Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басмасөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну дем алыш күнү белгисиз бирөөлөр анын үйүнө ууруга кирип алтындарын жана жеке буюмдарын алып кеткендиги тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Бул факт боюнча Бишкек шаардык ИИБнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери 23 жаштагы Пакистандын жаранын колго түшүрүшкөн. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында анын башка дагы 7 миң доллар өлчөмүндө чыгым алып келген кылмыштуулукка катыштыгы бар экендиги аныкталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223298

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.