"Сулуу болгондорду" Сауд Аравиясынын аэропортунан киргизишкен жок

  29.04.13   10:17
 294

Сауд Аравиясы келбети "абдан сулуу" болгон үч эркек кишини өлкөдөн чыгарышты. Бул тууралуу Emirates24/7 телеканалы маалымдады.

Алар Бириккен Араб Эмиратынан келген делегациянын курамында болушкан. Алар Эр-Рияд элдик маданият фестивалына келишкен. Шариат гвардиясынын өкүлдөрү делегациянын курамында катталбаган сүрөтчү да бар экенин айтып, алардын мамлекетке кирүүсүнө тосколдук кылган. Гвардиячылар сүрөтчү менен кошо үч эркек кишини да кармашкан. Алардын аныктоосу боюнча Бириккен Араб Эмиратынан келген үч жаран "абдан сулуу" болгондуктан көргөзмөгө келген аялдар сүйүп калышы ыктымал. Кармалган жарандардын баары өлкөдөн депортацияланган.

Буга чейин да фестивалда бир катар ушундай жагдайлар орун алган. Исламдын адеп-ахлактык нормаларына көзөмөл кылган шариат гвардиясы Бириккен Араб Эмиратынан келген бий тобунун бийлерин "мусулмандарга туура келбей" деген негиз менен токтотууга аракет кылышкан.

Ал ортодо депортация болгон адамдардын аттары да тактала баштады. Англиянын The Telegraph гезити 26-апрелде чыккан санында жазгандай, өлкөдөн чыгарылган адамдын аты Омар Боркан Аль Гала. Ал Дубай шаарында атактуу актер жана фотограф катары белгилүү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223301

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.