"Баткен-2013" эл аралык форумунда инвесторлорго 600 долбоор сунушталды

  29.04.13   10:35
 341

"Форумдун жыйынтыгында инвестор менен донорлорго 600гө жакын долбоор сунушталды", - деп, I эл аралык Баткен облусун өнүктүрүү жана инвестиция "Баткен-2013" форумун жыйынтыктап жатып, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков билдирди.

Форумдун натыйжасында бир катар протоколдорго кол коюлду:

- Баткен шаарынын аэропортундагы жүргүнчү терминалын тейлөө боюнча "НУР" топ компаниялары, "Манас" аэропорту жана Баткендин мэриясынын ортосунда келишим түзүлдү. Долбоордун баасы 2 млн доллар.

- Баткен району жана Kamalan investments Ltd. компаниясы Кан айылында 240 орундук орто мектеп салуу боюнча келишим түздү. Мектеп курулушунун баасы 600 миң доллар.

- Баткен облусунун Лейлек районун таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу боюнча, 334 миң еврого келишим түзүлдү.

"Бүгүнкү форум, бизге конкреттүү багыттар боюнча чоң үмүттөрдү арттырып жатат. Форумдун натыйжасында коюлган тапшырмаларды иш жүзүнө ашыруу үчүн облустун жетекчилиги күжүрмөн эмгектениши керек", - деп премьер-министр Жантөрө Стаыбалдиев билдирди.

"Көпчүлүк учурда жогорудагыдай иш чаралар бири-бирине жылуу каалоо тилектерди айтуу менен аяктайт. Бүгүнкү форум да жогорку деңгээлде өткөрүлүп, конкреттүү натыйжаларды берди", - деп Бишкектеги ОБСЕ борборунун жетекчиси Сергей Капинос айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223304

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.